Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:14

Укук коргоочу Токтонасыровдун иши боюнча лингвист көрсөтмө берди


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун иши каралды. Соттук отурумда Токтонасыровдун социалдык тармактарга жазгандарына лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис көрсөтмө берди.

Бул тууралуу жарандык активист жана укук коргоочу Рита Карасартова өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Ал эксперт "Орускул" деген сөздү "кастык жаратты" деп тапканын белгилеген.

"Эксперт ызаланып "бул адам кыргыздарды орустардын алдында "орускул" деп кемсинтип атат" дейт. Анда бул бир кыргыздын экинчи кыргызга болгон эле мамилеси, эки улутка эмне тиешеси бар, кастык каяктан жаралат?", - деп жазган Карасартова.

Кийинки соттук отурум 16-ноябрга белгиленди.

Кыргызстанда сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар кандай акцияларды тынч жол менен өткөрүп жүрүп таанылган 65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыровду 30-июндун түнү белгисиз бирөөлөр машинеге күчтөп салып кеткенин жакындары көрүп калып, укук коргоочуларга, милицияга кабар берген.

Активисттин дайыны үч сааттан кийин ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынан чыккан, аны түнкү 11ге чейин суракка алышкан. Токтонасыровдун социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсүндө Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси боюнча иш козголгону кабарланган.

Ишти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тергеген. Иш прокуратурага 22-августта өтүп, сентябрдан баштап сотто карала баштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG