Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

“Азаттыктын” каарманына президенттин фондунан жардам көрсөтүлдү


Мирзохалим Каримов.
Мирзохалим Каримов.

Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков ооруп жаткан жазуучу Мирзохалим Каримовго президенттин фондунан 100 миң сом жардам көрсөтүлгөнүн жана ал ооруканага жайгаштырылганын билдирди.

Буга чейин быйыл апрель айында “Азаттык” белгилүү кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу жана публицист Мирзохалим Каримов бир нече дарт менен алышып, оор абалда жатканы тууралуу көрсөтүү даярдаган. Анда ал үч жылдан бери шарты жок темир павильондо жашаганы, мындан улам ооруга чалдыкканы айтылат.

Жазуучунун абалы коомчулукка маалым болгондон кийин айрым жарандар тарабынан жардам көрсөтүлгөн. “Ыйман нуру” фракциясынан Нуржигит Кадырбеков баш болгон беш депутат президентке кайрылуу кат жолдогон.

71 жаштагы Мирзохалим Каримов Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулуп-өсүп, 1970-жылдардын аягында Кыргызстанга көчүп келип, жашап калган.

Жазуучунун кыргыз тилинде жазылган "Мажүрүм тал", "Кыя жолдор", "Зындан", "Кыз күйүтү" баштаган жыйырмадай көркөм-адабий китептери жарык көргөн.

Мындан сырткары Тажикстандын Кара-Тегин өрөөнүндө жашаган кыргыздардын салт-санаасы, маданияты, этнографиясы камтылган "Жер жылдызы – Жерге-Тал", "Кара-Тегин", "Кара-Тегин кыргыздары" аталышындагы китептери чыккан. Бир катар тажик жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Мирзохалим Каримовго 2017-жылы улуттардын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн мамлекеттик "Даңк" медалы ыйгарылган. (MZh)

XS
SM
MD
LG