Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:18

Сокулукта колу-буту таңылган абалда табылган кыздын психологиялык абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чүйдүн Сокулук районундагы Биринчи Май айылында колу-буту байланып, көчөдө табылган өспүрүм кыздын учурдагы психологиялык абалы оор.

Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева билдирди.

"Өспүрүм кыздын психологиялык абалы өтө оор. Ал сүйлөшүүгө барбай жатат. Апасынын айтымында, кызга милиция кызматкерлери тарабынан басмырлоо болуп, биринчи сурактар ата-энесинин жана социалдык кызматкердин катышуусуз өткөн. Ушул маалыматтын негизинде тийиштүү укук коргоо жана мамлекеттик органдарга каттар жөнөтүлдү", - деди Назаралиева.

Милициянын маалыматында, окуя 24-октябрда болгон. Көчөдө өспүрүм кыздын колу-буту байланган абалда жатканын көргөн кошуналары милицияга кабар берген.

Окуяны Сокулук райондук милициясы каттоого алып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаганын кабарлаган. Облустук милициянын 1-ноябрдагы маалыматында айтылгандай, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси ("Ыплас аракеттер") менен кылмыш иши козголгон.

Милиция өспүрүм кызды мындай абалга ким алып келгени тууралуу маалымат бере элек.

Өспүрүм кыздын жакындары бул ишке тиешеси бар адамдар кармала электигин, тергөө адилеттүү жүрбөй жатканын айтып чыгышкан.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, окуядан жабыркаган өспүрүм кызды жана дагы эки баланы Биринчи Май айылындагы үй-бүлө 2019-жылы соттун чечими менен асырап алган.

Акыйкатчы институтунун маалыматында былтыр укук коргоо органдарына балдардын зомбулукка кабылганы жөнүндө 417 арыз түшсө, анын 118и сексуалдык мүнөздө экени кабарлаган.

ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулукка кабылып келет. (MKt)

XS
SM
MD
LG