Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:36

Бишкекте бийлик сунуш кылган "ЖМК жөнүндө" мыйзам талкууланууда


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору парламентте каралганда коомчулуктун жана ЖМК өкүлдөрүнүн пикири эске алынарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн 31-октябрда Бишкекте "ЖМК жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулаган жыйында айтты.

Шакиев Борбор Азиядагы жана башка мурдагы советтик өлкөлөргө салыштырганда Кыргызстанда сөз эркиндиги жогору экенин айтып, бул жаатта жоопкерчиликти да эске алуу керектигин белгиледи.

"Бизде сөз эркиндиги бар болгону менен жоопкерчилик жагы өкүнүчтүү. Жалган, такталбаган маалыматтарды таратуу учурлары катталып келет. Биз мындан арыла албай жатабыз. Мен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп келем. Алар өз өлкөлөрүндө фейк маалыматтарга каршы катаал чаралар бар экенин айтып калышат. Биз да жоопкерчиликке маани беришибиз керек", - деди Шакиев.

Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жана "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланып жаткан бул жыйынга акыйкатчы Жамила Жаманбаева, БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Антье Граве жана эл аралык уюмдардын, ЖМК өкүлдөрү катышып жатат.

Кыргызстанда ЖМК мыйзамы 1992-жылы кабыл алынган. Андан бери ага өзгөртүү жана толуктоолор гана киргизилип келген. Таптакыр жаңы долбоорду президенттик администрация былтыр күзүндө иштеп чыккан.

Медиа уюмдар бийлик алардын пикирин эске албай иштеп чыккан бул долбоор сөз эркиндигине балта чабарын айтып чыгышкандан кийин президент Садыр Жапаров 7-декабрда мыйзамды “жеткире иштеп чыгуу үчүн” деген негизде 21 адамдан турган жумуш тобун түзгөн. Топтун курамына киргендердин 15и медиа тармагынан, калгандары бийликтин өкүлдөрү болгон.

Бирок бул топ да бийлик алардын пикирин укпай койгонун айтып, нааразылыгын билдирген. Топтун активдүү мүчөлөрүнүн бири, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков “Президент Жапаровдун буйругу менен түзүлгөн жумуш тобу толук иштеген жок, бир тараптуу болуп калды. Биз, медиа тармагынын өкүлдөрү “чогуу иштедик” деген бир да кагазга кол койгон жокпуз. Ошондуктан мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңешке барышы канчалык мыйзамдуу болот деген суроо жаралууда” деп быйыл июлда "Азаттыкка" билдирген. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG