Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:14

Энергетика министрлигинин кышка камылгасы "жакшы" деп табылды


Бишкек жылуулук электр борборунун көмүр кампасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек жылуулук электр борборунун көмүр кампасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министрлигине караштуу мекемелер 30-октябрда Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын эксперти Беназир Нурлановдун, министр Таалайбек Ибраевдин жана энергетикалык компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда тогуз айдын жыйынтыгын талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда министрликтин кышкы-күзгү мезгилге даярдыгы “жакшы” деп табылды. “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ишканасы бул аралыкта 128 кошумча трансформаторлорду орнотуп, 414,09 км аба чубалгыларын орноткону маалымдалды. “Кыргызжылуулукэнерго” өлкө боюнча 40 жаңы отказандарды орнотсо, “Бишкекжылуулуктармактары” 2385 метр жылуулук түтүгүн өз эсебинен, 2326 метр жылуулук түтүгүн долбоордун эсебинен алмаштырганы кабарланат.

Мекеменин маалыматында айтылгандай, өлкөдөгү эң башкы гидроэлектр станциясын суу менен камсыздаган Токтогул суу сактагычында 2024-жылдын 1-апрелине кеминде 6,7 млрд куб метр суу менен чыгуу планы коюлду. Учурда мындагы суунун көлөмү 11,8 млрд куб метрди түзөт.

Кыргызстанда калктын жана мамлекеттик мекемелердин көмүргө болгон керектөөсү 1 млн 276,0 миң тонна деп бааланса, ушул күнгө чейин жеке жарандар үчүн 739 миң тонна, бюджеттик мекемелер үчүн 189 миң тонна ташылып келип, даяр болду.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Бишкек шаарында 7 жерде, Кыргызстандын түштүк облустарында 10 жерде көмүр базасын ачып, көмүрдү Монополияга каршы кызмат бекиткен 4700 жана 5000 сомдон сатып жатат.

Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) керектөөсү 1,2-1,5 млн тоннаны түзөт. 2023-2024-жылытуу сезонуна борбор Казакстандын 550 миң тонна көмүрүн, Кыргызстандын 650 миң тонна көмүрүн сатып алары пландалган. Учурда ЖЭБдин кампасында 146,90 миң тонна жергиликтүү көмүр, 161,6 миң тонна импорттук көмүр (жалпы 308,5 миң тонна) сакталып турат.

Мурдараак Kaktus.media басылмасы ЖЭБ баш ийген “Электр станциялары” ишканасындагы булактарына таянуу менен, борбор жылытуу сезонуна бекитилген графигине жетпей жатканын жазып чыккан. Медиа билдиргендей, жеткирүүчүлөр кеминде 50 миң тонна көмүрдү пландалгандан кечиктирип жатышкан. ЖЭБдин басма сөз кызматы кийин буга түшүндүрмө берип, мекемени көмүр менен камсыздоо кечиккенин төгүндөгөн.

Сентябрдын башында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынганын жар салган. Ал мындай чара борбордо кышында көйгөйгө айланган ышты азайтууга мүмкүндүк түзөрүн кошумчалаган. Мындан бир нече күндөн кийин энергетика министри Таалайбек Ибраев басма сөз жыйынын өткөрүп, Бишкек шаарында Кара-Кече кенинин көмүрүн сатууга жана жагууга салынган тыюу кайрадан алынып, уруксат берилгенин билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG