Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин 2023-жылдагы иши тууралуу маалыматты жабык угуп жатат.
Маселени жабык короону тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев суранды. Мекеменин ишмердиги тууралуу элчи Актилек Мусаева маалымат берүүдө.
Кыргызстан соңку жылдары Бээжин менен ар тараптуу карым-катнашын арттырып жатат. Өткөн жумада Кытайдын премьер-министри Ли Цян Бишкекке расмий сапар менен келип, эки өлкө ортосунда 12 документке кол коюлган.
Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү. 2021-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1,5 млрд доллар болсо, 2022-жылы 4,1 млрд долларга жеткен. 2023-жылдын январь-августунда эки өлкөнүн соодасы 3 млрд 176 млн долларды түзүп, 2022-жылдын сегиз айына салыштырмалуу 33% көбөйгөн.
Кыргызстандын эң чоң тышкы карызы да Кытайга туура келет. Майдын аягында Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд 489,7 млн АКШ доллары болгон, анын 1 млрд 734,58 млн доллары Кытайга туура келет.
Расмий Бишкек Кытайдын айрым жарандарына да визасыз режим киргизүүнү караштырып жатканын маалымдаган.
Атап айтканда, Кытай Эл Республикасынын Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары үчүн кайра кеткенге авиабилет болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет. Мында Кыргыз Республикасынан чыккан күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу берилет деп жазылган маалыматта.
Кытай Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп таанып, 1992-жылдын 5-январында эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөн. 1992-жылдын май айында Бээжин Бишкекте өзүнүн элчилигин ачкан. 1993-жылдын августунда Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Бээжинде негизделип, иштей баштаган.
БУУнун маалыматы боюнча, Кытайдын Шинжаң аймагында жашаган бир миллионго жакын уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулмандар 2017-жылдан бери “кайра тарбиялоо ” лагерлеринде камалган. Бээжин бул лагерлерди “терроризмге каршы борбор” деп атаган.
Эл аралык укук коргоочулар жана Кытайдагы бул окуялардын түз күбөлөрү лагерлерде адам укуктарынын одоно бузулушу, анын ичинде кыйноо, куугунтуктоо, зордук-зомбулук жана мажбурлап иштетүү болуп жатканын айтышууда. (КЕ)