Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу балбан Мурат Рамонов кармалды


УКМК тараткан сүрөт. 30-октябрь, 2023.
УКМК тараткан сүрөт. 30-октябрь, 2023.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атайын операция маалында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз мүлктөрүн аныктоо чараларынын жүрүшүндө Мурат Рамонов кармалганын билдирди. Ал Көлбаевдин "рэкетчилик, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алынган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталганы" айтылат.

"Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрь айында М.Рамонов 2015-жылы чыгарылган “Мерседес-Бенц S600” брондолгон унаасын Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри С.Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген. Андан кийин 2020-жылдын 5-октябрында С.Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны борбордук “Ала-Тоо” аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон", - деп айтылат маалыматта.

УКМК тараткан сүрөт. 30-октябрь, 2023.
УКМК тараткан сүрөт. 30-октябрь, 2023.

Кыргызстандын 12 жолку чемпиону, бир нече жолку Азия чемпионатында күмүш жана коло байгелерди багынткан Мурат Рамонов 25-октябрда "Камчы Асанбектин тобуна тиешеси бар" деген шек менен суракка чакырылып, андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

УКМКнын билдирүүсүндө аты аталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков же анын расмий өкүлдөрү аталган маалымат боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы, Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо ишиндеги коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголуп кармалган Сапар Исаков 2020-жылдын октябрь айындагы башаламандык учурунда түрмөдөн чыгып, кийин чет өлкөгө чыгып кеткен.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн УКМК ырастаган. Андан кийин УКМК бир канча жолу маалымат таратып, Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. Андан сырткары Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон элүүгө жакын бажы кызматкери иштен бошотулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG