Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:17

Израил армиясынын аскерлери Газа тилкесинде атайын операция жүргүздү


Израил аскерлери. 26-октябрь, 2023-жыл.
Израил аскерлери. 26-октябрь, 2023-жыл.

Израилдин жоокерлери аскердик тик учактардын жана дрондордун коштоосунда 27-октябрга караган түнү Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө рейд жүргүздү. Бул тууралуу Израилдин армиясы-ЦАХАЛ билдирди.

"Операциянын алкагында ЦАХАЛдын артиллериясы Шуджайя районунда жана жалпы эле Газа тилкесинде ХАМАС террордук уюмуна караштуу жайларга сокку урду",-деп жазылат армиянын жума күнү тараткан билдирүүсүндө.

Рейддин соңунда израилдик аскерлер аймактан чыгып кетишкен. ЦАХАЛ ошондой эле ХАМАСтын командирлеринин бири Хасана ал-Абдалла жана үч жогорку даражалуу өкүлүн жок кылганын билдирди.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги израил аба соккуларынан мүрт кеткен жети миңден көп кишинин аты-жөндөрү жазылган тизмени жарыялады.

ХАМАС террордук тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн көп киши барымтага алынган. Израил ошондон бери Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG