Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:54

Акылбек Жапаров министрлердин орун басарларынын санын азайтты


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Кыргызстанда министрлердин орун басарларынын саны азайды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 27-октябрда кабарлады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун токтомунун негизинде, тогуз орун басардын орду жоюларын билдирди.

Ага ылайык, кыскартуулар Экономика жана коммерция министрлигинде, Финансы министрлигинде, Тышкы иштер министрлигинде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Айыл чарба министрлигинде, Билим берүү жана илим министрлигинде, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде, Санариптик өнүгүү министрлигинде жана Социалдык фонддо болот.

"Мындай чечим президенттин “Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды. Буга чейин бул жарлыктын негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинде, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде жетекчинин орун басарларынын саны кыскартылган",-деп жазылган маалыматта.

Конституция өзгөрүп, өлкө президенттик башкарууга өткөндөн кийинки өкмөттүн азыркы түзүмү 2021-жылы октябрда бекиген жана ага ылайык 15 министрлик түзүлгөн. Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы менен кошо президенттик администрациясынын жетекчиси дагы болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG