Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

УКМК "КЖ групптун" ээси Имамидин Ташов камалганын билдирди


УКМК жарыялаган сүрөт.
УКМК жарыялаган сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде "КЖ групп" курулуш компаниясын негиздегендердин бири Имамидин Ташов кармалганын билдирди. Анда ишкер Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга байланыштуу айыпталып жатканын маалымдады.

"Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдагы токтому менен "О" ишканасына бөлүнүп берилген тилкеге 280 орундуу бала бакча салынышы керек болчу. Бирок шаардык архитектуранын жана "Кадастр" мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу үчүн "О" ишканасынын жетекчилиги менен келишип алган. Анда бала бакчанын ордуна 12 кабаттуу үйдү курууга уруксат берген документтер даярдалган. Анын натыйжасында аталган компания эки көп кабатттуу үйдү мыйзамсыз куруп, сатып жиберген. Мамлекетке келтирилген зыян 52 миллион сом деп эсептелген жана "О" компаниясы аны төлөбөй келген. Учурда ал компаниянын ээси Т.И.А. кармалып, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, тергөө иштери уланып жатат",-деп жазылган маалыматта.

Ташовдун жактоочулары жана жакындары азырынча буга байланыштуу комментарий бере элек. Ал соңку президенттик шайлоого катышкан жана жана 1.19% добуш алган.

XS
SM
MD
LG