Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Катарда сот индиялык сегиз жаранды өлүм жазасына өкүм кылды


Катардын борбору Доха шаары, иллюстрациялык сүрөт.
Катардын борбору Доха шаары, иллюстрациялык сүрөт.

Катарда сот тыңчылыкка шек саналган индиялык сегиз жаранды өлүм жазасына өкүм кылды. Бул тууралуу бейшембиде, 26-октябрда Индиянын өкмөтү кабарлады жана "соттун чечими аларды өтө нес кылганын" билдирди. Дели бул өкүмдү Катардын бийлиги менен талкууларын белгиледи.

Катардагы жергиликтүү журналисттердин маалыматына караганда, айыпталуучулар жеке компанияда иштеп жүргөн жана тыңчылыкка шек саналып былтыр августта камалган.

Эки өлкө тең бул окуя тууралуу буга чейин расмий, ачык маалымат берген эмес.

Reuters агенттигинин билдиришинче, кармалгандардын баары Индиянын аскер-деңиз флотунун мурдагы офицерлери болгон.

Индия өкмөтү тараткан билдирүүдө "териштирүү жашыруун сыр болгондуктан" бул иш тууралуу азырынча кандайдыр бир комментарий берүү максатсыз экени айтылат.

Катарда жалпысынан 800 миңден ашык индиялык жаран эмгектенет.

XS
SM
MD
LG