Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:57

Газа тилкесине 12 машине гуманитардык жардам кирди


Рафах өткөрмө бекети аркылуу Газа тилкесине кирип бараткан гумжардам жүктөлгөн машине.
Рафах өткөрмө бекети аркылуу Газа тилкесине кирип бараткан гумжардам жүктөлгөн машине.

Египеттен Рафах өткөрмө бекети аркылуу Газа тилкесине 26-октябрда гуманитардык жардам жүктөлгөн дагы 12 машине кирди. Бул тууралуу Эл аралык кызыл жарым ай уюмунун Газадагы бөлүмү билдирди.

Машинелерге суу, азык-түлүк жана дары-дармек жүктөлгөн. Израил аймакка күйүүчү май алып өтүүгө тыюу салган.

Маалыматка караганда, 21-октябрдан бери Газа тилкесине гуманитардык жардам жүктөлгөн 74 машине кирген.

Израилдин армиясы бейшембиге караган түнү аскерлери танктардын коштоосунда рейд жүргүзгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, алар "ХАМАС радикал тобунун жайларына, инфраструктурасына чабуул коюшту".

ЦАХАЛ тараткан билдирүүдө операция "согуштук аракеттердин кийинки баскычына даярдыктын алкагында" өткөрүлгөнү айтылат. Рейдден кийин аскерлер Израилдин аймагына кайтышты. ХАМАС бул рейд тууралуу билдирүү жасаган жок.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги 7-октябрда башталган Израил армиясынын аба чабуулдарынан жети миңдей кишинин өмүрү кыйылганын, алардын үч миңге чукулу балдар экенин билдирген.

ЦАХАЛ ХАМАС радикал тобунун Израилге жасаган чабуулунан кийин Газага сокку ура баштаган. Экстремисттик топтун кол салуусунан анда 1400дөй кишинин өмүрү кыйылып, 200дөн көбү барымтага алынган.

XS
SM
MD
LG