Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:23

Бишкек ЖЭБи менен "Бишкек жылуулук тармагы" бириктирилет


Бишкек жылуулук борбору.
Бишкек жылуулук борбору.

Бишкек жылуулук борбору менен “Бишкек жылуулук тармагы” биригип, жаңы мамлекеттик ишкана түзүлөт. Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев “Биринчи радионун” эфиринде билдиргендей, эки ишкана “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун курамынан чыгарылып, Энергетика министрлигинин алдында жаңы түзүлгөн ишканага биригет.

“Бул ишкана толук кандуу каржыланып, оңдоо иштери жүрүп турушу үчүн ага түз субсидиялар берилет”, - деди Байгазиев.

Жаңы түзүлгөн ишкана Бишкек шаарынын жылуулук электр системаларынын борбору деп аталат.

Байгазиев бул энергетика тармагындагы ишканаларды ирилештирүү иштеринин акыркыларынан экенин кошумчалады.

Буга чейин “Улуттук энергохолдинг” ишканасы жоюлуп, мекеменин акциясы Энергетика министрлигине өтө турганы май айында белгилүү болгон.

Быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз болгондуктан өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгы кызуу талкууланды.

Энергетика министрлиги быйыл кышында электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү жана таңсыктыкты жоюу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Орусия менен электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдер түзүлгөнүн маалымдаган.

XS
SM
MD
LG