Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Москвада мечиттин алдынан эркектерди кармап, армияга барууга мажбурлашкан


Москвадагы Айт намазга чогулган мусулмандар, 21-апрель, 2023-жыл.
Москвадагы Айт намазга чогулган мусулмандар, 21-апрель, 2023-жыл.

Москва облусундагы Котельники шаарчасында 20-октябрда жума намаздан чыгып келаткан ондогон эркекти полиция кармап, аскер комиссариатына жеткирген. Ал жерде аларга басым-кысым болуп, орус армиясы менен келишим түзүүгө мажбурлашкан. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары кармалгандардын бири Мамут Усеиновго таянып жазышты. Усеинов Орусиянын Биринчи каналы өткөргөн ыр сынактын финалына чыгып таанылган.

Ырчы Телеграм каналына видео жарыялап, аны башкалар менен чогуу мечиттин оозунан кармап кеткенин кабарлады. Аларды автобуска салып, Люберцы шаарындагы аскер комиссариатына алып барып, медициналык кароодон өткөрүшкөн. Андан ары Балашиха шаарындагы келишим менен армияга кетчүлөр топтолгон пунктка жеткиришкен.

"Кечинде баарыңар бир жылдык келишимге кол коюшуңар керек, андан ким баш тартса - түрмө деп жарыялашты. 21-октябрда эртең менен тизилгенде баарыбыз атайын аскердик операцияга жөнөй турганыбызды уктум", - дейт Усеинов.

Анын сөзүнө караганда кармалгандардын айрымдарын аскер бөлүктөрүнө алып кетишкен. Ырчы ден соолугуна байланыштуу армияга баруудан баш тарткан. Ал кайда экени азырынча белгисиз.

26 жаштагы Усеинов орус паспортун 2014-жылы аннексияланган Крымда алган. Ден соолугунан улам армияга барган эмес.

Орус бийлиги азырынча бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Орусияда азыр армияга күзгү чакыруу жүрүүдө. Орус бийлиги армияга чакырылган уландар Украинага согушка жөнөтүлбөй турганын билдирет. Ошол эле маалда жарандарды, анын ичинде мигранттарды армияга келишим менен барууга азгырган жана мажбурлаган учурлар көп.

Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус паспортун алгандар Украинадагы урушка баруудан баш тартса, аларды жарандыктан ажыратууну сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG