Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:41

"Айчүрөк" соода борборуна да бомба коюлганы тууралуу кабар түштү


"Айчүрөк" соода борбору. Архивдик сүрөт.
"Айчүрөк" соода борбору. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 19-октябрда Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборуна да бомба коюлганы тууралуу милицияга маалымат түштү. Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, соода борбордогу адамдар эвакуацияланып, имарат курчоого алынды.

Учурда укук коргоо органдары текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ушул эле күнү Жогорку соттун, Ленин райондук сотунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имараттарында жана “Азия Молл” соода борборунда бомба бар экени жөнүндө маалымат түшкөн. Ал жерлерде да милиция текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Кечээ 18-октябрда №61, ERUDITE ISIT жана “Газпром” мектептерине бомба коюлганы айтылып, ал маалымат такталган эмес.

Мындай маалымат Бишкекте быйыл жазында жана жайында да көп тарап, алардын баары тең жалган болуп чыккан.

Маселе Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Айбек Шаменов бомба тууралуу электрондук кат жөнөткөндөрдү аныктоо мүмкүн болбой жатканын айткан. Анын сөзүнө караганда, электрондук кат жазган аккаунттар Орусия же Украинанын аймагында катталган деген маалымат болгон.

XS
SM
MD
LG