Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Жогорку соттогу жана дагы үч жердеги бомба боюнча маалымат текшерилүүдө


Шаардык милиция жарыялаган сүрөт.
Шаардык милиция жарыялаган сүрөт.

Бишкекте бомба коюлганы тууралуу маалыматтар милицияга кайрадан түшө баштады. Калаанын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 19-октябрда билдиргендей, Жогорку соттун, Ленин райондук сотунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имараттарында жана «Азия Молл» соода борборунда бомба бар экени жөнүндө маалымат түштү.

Тергөө-ыкчам топтору дароо жетип барып, тегерегин тосуп, ичиндеги адамдарды эвакуациялап, тийиштүү иш-аракеттерди көрүүдө.

Кечээ 18-октябрда №61 мектепке бомба коюлганы айтылып, ал маалымат такталган эмес.

Мындай маалымат Бишкекте быйыл жазында жана жайында да көп тарап, алардын баары тең жалган болуп чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG