Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Мамдума Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарууну жактырды


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын имараты.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын имараты.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы экинчи жана үчүнчү окууда дароо Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарган мыйзам долбоорду 18-октябрда жактырды.

17-октябрда депутаттар биринчи окууда жактырышкан. Мамдуманын спикери Вячеслав Володиндин тапшырмасы менен иштелип чыккан документ парламентке 13-октябрда киргизилген.

Ратификацияны артка кайтаруу демилгесин октябрдын башында Орусиянын президенти Владимир Путин көтөргөн. "Валдай" клубунун жыйынында ал Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүү зарылчылыгы жок экенин, бирок "Өзөктүк сыноолорго тыюу салуу боюнча келишимдин" ратификациясын артка кайтаруу маселесин ойлонуп көрсө болорун айткан.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, ратификациянын артка кайтарылышы Москванын өзөктүк сыноо өткөрүү ниети бар экенин билдирбейт.

Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишим 1996-жылы Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 50-сессиясында кабыл алынган. Документке жетиштүү сандагы өлкөлөр кол койбогондуктан, күчүнө кирген эмес. Өзөктүк державалардан Индия, Пакистан жана Түндүк Корея келишимге кошулуудан баш тарткан. Ал эми АКШ жана Кытай кол койгону менен, ратификациялаган эмес.

Орусия эл аралык келишимди 2000-жылы 30-июнда ратификациялаган.

XS
SM
MD
LG