Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:31

Үч адамдын өлүмүнө шектүү баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартууда


Чынтемир Аширалиев. ИИМ жарыялаган сүрөт.
Чынтемир Аширалиев. ИИМ жарыялаган сүрөт.

Бишкекте уул-кызы менен чогуу өлтүрүлгөн аял боюнча соттук териштирүү создугуп, айыпталуучу күнөөнү моюнуна алган баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартып жатканын бүгүн 18-октябрда Жогорку Кеңештин айым депутаттар форумунун кезексиз жыйынында маркумдун апасы билдирди.

Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, 82 жаштагы Үрү Дүйшөбаева депутат айымдарга адилеттик издеп кайрылып, жардам сурады жана үч кишинин өлтүрүлүшү боюнча соттук отурум 9 айдан бери созулуп, чечим чыкпай жатканына нааразылыгын билдирди.

“Бул каргашалуу окуя 16-февралда болгон, тогузунчу ай кетип жатат. Улам сот процесси ар түрдүү шылтоолор менен созулуп келе жатат. Соттор чечкиндүү болбой жатат. Кечээки сотто айыпталуучу өзүн куткарыш үчүн мурдагы айткандарын өзгөртүп жатканы бизди кыжалат кылды”,- деди Үрү Дүйшөбаева.

Быйыл февралда 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Ал соңку парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Ага чейин УКМКда мамлекеттик күзөт системасында 15 жыл иштеп, майор чинин алган.

Иш Октябрь райондук сотунда каралып жатат.

Маркумдун апасынын айткандары боюнча сот мекемеси азырынча комментарй бере элек.

XS
SM
MD
LG