Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:25

Тажик оппозициясынын өкүлү бийлик жакындарына басым жасоону улантып жатканын билдирди


Тажик оппозициясынын өкүлү Фарход Одинаев.
Тажик оппозициясынын өкүлү Фарход Одинаев.

Тажик оппозициясынын өкүлү Фарход Одинаев бийлик энесинен үйүндөгү электр жарыгын өчүрүп салганын билдирди. Соңку бир ай ичинде режимди сындагандардын жакындарына басым жасалган башка учурлар да болгон.

Одинаев "Озоди" радиосуна билдиргендей, Гиссар шаарындагы электр энергиясы менен камсыздоочу компаниянын жумушчулары электр жарыгынын өчүрүлүшүнүн себебин түшүндүрө алышкан эмес.

47 жаштагы Фарход Одинаев Европадагы тажикстандыктардын укуктарын коргоо менен алектенип келет. Ал сентябрдын соңунда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Берлинге келген маалда анын режимине каршы нааразылык акциясына чыккандардын бири.

Буга чейин да тажик оппозициясынын башка өкүлдөрүнүн жакындарынын үйлөрүндөгү жарыкты өчүрүп салган учурлар болгон. Чет жакта жашаган Шарофиддин Габоев жана Сухроб Зафардын жакындары дагы ушундай эле кысымга кабылган.

Бийлик бул маалыматтарга комментарий бербейт. Октябрдын башында Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Берлиндеги каршылык акциясынан кийин Тажикстанда оппозиция өкүлдөрүнүн элүүдөй тууган-туушканы кармалып, суракка алынганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG