Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:57

Бишкекте эки мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат текшерилип жатат


Октябрь райондук милициясы тараткан сүрөт.
Октябрь райондук милициясы тараткан сүрөт.

Бүгүн, 18-октябрда күндүзгү саат 12лер чамасында милицияга Бишкек шаарындагы ERUDITE ISIT жана “Газпром” мектептеринин имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу эки мектептин имаратын курчоого алып, окуучулар менен мугалимдер эвакуацияланды. Милиция текшерүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат бере элек.

Бишкектеги мектептерге бомба коюлганы тууралуу соңку кабар буга чейин 2-майда түшкөн. Милиция текшерүү иштеринен кийин маалымат жалган экенин билдирген.

Анын алдында апрель айында да үч жолу бир катар окуу жайларга жана мектепке жардыргыч зат коюлганы тууралуу кабар түшүп, кийин ал ырасталган эмес.

Маселе Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Айбек Шаменов бомба тууралуу электрондук кат жөнөткөндөрдү аныктоо мүмкүн болбой жатканын айткан. Анын сөзүнө караганда, электрондук кат жазган аккаунттар Орусия же Украинанын аймагында катталган деген маалымат болгон.

XS
SM
MD
LG