Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Иорданияда Байден катыша турган саммит өтпөй калды


АКШ президенти Жо Байден Израилге сапар алганы учакка кирип бара жатат. 17-октябрь, 2023-жыл.
АКШ президенти Жо Байден Израилге сапар алганы учакка кирип бара жатат. 17-октябрь, 2023-жыл.

Иорданияда 18-октябрга белгиленген төрт тараптуу саммит Газадагы ооруканадагы жардырууга байланыштуу өтпөй калды. Ага АКШ президенти Жо Байден дагы катышмак.

Буга чейин жыйынга катышуудан Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас баш тарткан.

Андан тышкары Иорданиянын падышасы Абдалла II жана Египеттин президенти Абба Абдель-Фаттах ас-Сиси дагы катышуусу күтүлгөн.

«Азыр согушту токтотуудан башканы сүйлөшүүнүн мааниси жок» - деди Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади саммит өтпөй турганын жарыялап жатып. Ал мындай чечим тараптар менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алынганын кошумчалады.

Байден Иорданияга барбай калганын Ак үй дагы бышыктады.

Израилге сапар алган АКШнын президенти Жо Байден учакта баратып, “адам өмүрүнө алып келген үрөй учурган жардыруу» боюнча терең ачуулануусун билдирди.

Газадагы ооруканада 17-октябрдын кечинде болгон жардыруу жүздөгөн адамдын өмүрүн алды. Ал үчүн Газанын бийлиги израил армиясын күнөөлөсө, ЦАХАЛ "Ислам жихады" радикал тобунан көрдү.

Экстремисттик топ канча адамды барымтага алганы белгисиз. ХАМАСтын жетекчилиги 200дөй киши туткунда экенин билдирсе, Израил бийлиги 150дөн ашуун экенин айтууда. Алардын канчасы чет өлкөлүктөр экени тууралуу так маалымат жок.

Кол салуудан кийин Израил армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан каза болгондордун саны 2800гө, жарадарлар 10 миңге чамалаганын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG