Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:02

Брюсселдеги теракт үчүн жоопкерчиликти ИМ радикал тобу өз мойнуна алды


Полиция теракт уюштурууга шектүү өлтүрүлгөн жерди курчоого алды. Брюссель, 17-октябрь, 2023-жыл.
Полиция теракт уюштурууга шектүү өлтүрүлгөн жерди курчоого алды. Брюссель, 17-октябрь, 2023-жыл.

Брюсселдеги теракт үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» радикал тобу өз мойнуна алды. Бул тууралуу экстремисттик уюм 17-октябрдын кечинде Телеграмдагы каналы аркылуу жарыялады. Анда согушкерлеринин бири жасаган чабуулдан эки кишинин өмүрү кыйылганы белгиленет.

Окуя 16-октябрда болгон. Белгисиз адам көчөдө бараткан эки швециялык футбол фанатын атып өлтүрүп, үчүнчүсүн жарадар кылып из жашырган. Белгия бийлиги ал 45 жаштагы Тунистин жараны экенин аныктаган. Маалыматка караганда, анын башпаанек алуу өтүнүчү 2020-жылы четке кагылган. Кылмышка шектүү Белгияда мыйзамсыз жүргөнү кабарланды.

Бельгиянын премьер-министри Александр Де Кроо окуяны "террордук акт" деп мүнөздөп, бийлик өлкөдөгү коркунуч деңгээлин жогорку чекке чейин көтөрдү.

17-октябрдын таңында шектүү полициянын огунан жан берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG