Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Жапаров Президенттик администрациянын жаңы имараты "Ынтымак-Манас ордосу" деп аталарын билдирди


Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын макети.
Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын макети.

Президент Садыр Жапаров жаңы курулуп жаткан президенттик администрацияга “Ынтымак-Манас Ордосу” деген аталыш берилерин 18-октябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал буга чейин жаңы имаратка аталыш тандоо үчүн коомчулуктан сунуштар кабыл алына турганын жарыялаган. Анын жыйынтыгында келген сунуштар 108ге жеткенин, алардын арасынан “Ынтымак-Манас Ордосу” тандалып алынганын билдирди.

Ал тандалып алынган аталышка түшүндүрмө берип, өнүгүү үчүн ынтымактын маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз элинде айтылып келаткан уламышты жазган.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулуп, анын ордуна жаңы өкмөт үйүн куруу 2022-жылы апрелде башталган. Ошондо администрациялык имаратты курган компанияга 16 гектар жер менчикке бериле турганы айтылган. Быйыл августта бул имаратты сала турган “Иншаат строй билдинг” компаниясына 16 гектар эмес, 25,7 гектар жер берилери жарыяланган.

“Азаттык” стратегиялык имаратты салып жаткан компания менен президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Туманбаев 11-октябрда имараттын курулушунун жүрүшү тууралуу Фейсбукта маалымат берген. Анда алгач имараттын аянты 17 миң метр деп пландалса, кийин 39 миң чарчы метрге кеңейтилгени үчүн куруучу компанияга берилчү жердин чоңойгонун түшүндүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG