Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:02

Адахан Мадумаровдун ишине байланыштуу алдын ала соттук угуу өтөт


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

18-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча алдын ала соттук угуу өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон.

Анын адвокаттарынын бири Юлия Богданова ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан эч кандай маалымат алууга мүмкүн болбой, юридикалык жардам берүү кыйын болуп жатканын буга чейин айткан. Мадумаров өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп баалап келет.

Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылды. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров өзү ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG