Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:29

Дербишева бейөкмөт уюмдар өкмөткө жардамчы болуп жатканын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Лейлек-Инсан" коомдук фондунун төрайымы Гүлнара Дербишева "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда бейөкмөт уюмдардын ордун белгилеп кетти.

"Элет жеринде көйгөйлөр аябай көп. Жергиликтүү бийликтин, өкмөттүн, парламенттин аларды чечүүгө эч колу тийбейт. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар өкмөткө, бийликке жардамчы катары иштейбиз. Былтыркы Баткенде болгон кыргыз-тажик жаңжалында да биз, мамлекеттик эмес уюмдардын активисттери, алгачкылардан болуп ыктыярчыларды уюштуруп, эвакуацияны баштап, жардам колубузду сунганбыз. Биз элеттик аялдарга, чек арадагы элге дайыма жардам берип келебиз. Биз чет өлкөлүк өкүл деген ат менен ушундай оор мезгилдерде кантип иштейбиз? Сиз ошону да ойлошуңуз керек. Мамлекеттик эмес уюмдар деле Кыргызстандын өнүгүшүн каалайбыз, биз деле ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Кыргызстан силердин гана эмес, биздин да мекенибиз, өлкөбүз", - деди Гүлнара Дербишева.

"Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгакы Мамасалиева "чет элдик өкүл" тууралуу мыйзамсыз эле бейөкмөт уюмдарга кысым күчөгөнүн айтты.

"Мен Баткенге барып, ал жактагы элге укуктук жардамды кантип алуу керектиги, Конституциялык укуктарын кантип колдоно алышары жана башка маселелер боюнча кеп-кеңештерди берип жүрөм. Милиция менин артымдан жүрөт, мен кирип-чыккан үйлөргө алар да кирип, ошол үй-бүлө мүчөлөрүн "эмне үчүн бул аял менен сүйлөшөсүң" деп, коркутуп чыгат. Эми бул мыйзам кабыл алынса, кылган ишим үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин камалып кетет экенмин. Бул деген киши өлтүргөн адамдын жазасы менен барабар да", - деген Гүлгакы Мамасалиева депутаттарды бул мыйзамды кабыл албоого чакырды.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча бүгүн, 17-октябрда парламенттик угуу болуп өттү. Ага депутаттардан тышкары тийиштүү мекеме-уюмдардан, жарандык коомдон жүздөн ашуу киши катышты.

Мыйзам долбоорун колдоп сүйлөгөндөрдүн ичинде аны дагы катаалдантып, жазаны катуулатуу керек деген пикир айткандар да болду.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору буга чейин парламенттин эки комитетинде биринчи окууда кабыл алынган.

Аны депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды.

Надира Нарматова «бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок” экенин айткан. Ал көрсөтүлгөн талаптарга каршы иш жасаган болсо, 50-100 миң айыппул төлөө, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, туура эмес иштерди дагы эле жасаган болсо, 100-200 миң айыппул салуу, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунуш кылынып жатканын билдирген.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүп алынганын белгилешкен.

Эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчётун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет.

Жакында 120 бейөкмөт уюм бийликти "чет элдик өкүл" мыйзамын кабыл албоого чакырып, кайрылуу жолдошкон. Анда эгер бул мыйзам кабыл алынса калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан бейөкмөт уюмдарга бөгөт коюлары айтылган жана “Бул уюмдар мамлекет жана рынок институттары тийиштүү деңгээлде аткара албай жаткан функцияларды аткарып, коомдогу социалдык чыңалууну басып турушат” деп белгиленген.

Нарматова Юстиция министрлигине таянып билдиргенине караганда, Кыргызстанда 29 100 ар түрдүү коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG