Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:15

Бельгиянын полициясы эки кишинин өлүмүнө шектүүнү жок кылды


Брюсселдин борборундагы атышуу болгон жерди полиция курчоого алды. 16-октябрь, 2023-жыл. Белгия.
Брюсселдин борборундагы атышуу болгон жерди полиция курчоого алды. 16-октябрь, 2023-жыл. Белгия.

Бельгиянын полициясы Брюсселдин көчөсүндө эки кишини атып өлтүрүүгө шектүүнү жок кылганын 17-октябрда билдирди.

16-октябрдын кечинде белгисиз адам швециялык эки футбол күйөрманын өлтүрүп, үчүнчүсүн жарадар кылып кеткен. Кылмышкер окуя болгон жерден дароо из жашырган. Кийин шектүү Тунисте туулуп өскөн 45 жаштагы адам экени аныкталган. Бельгиянын премьер-министри Александр Де Кроо окуяны "террордук акт" деп мүнөздөп, бийлик өлкөдөгү коркунуч деңгээлин жогорку чекке чейин көтөрдү.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, шектүүгө Схарбек районундагы кафелердин биринде полиция ок аткан. Белгиянын прокуратурасы маалыматты ырастап, азырынча кол салган адам ушул экенин ырастабай турганын билдирген.

Ал эми Брюсселдин мэри Филипп Клоуз «шектүү чындыгында жок кылынды окшойт»-деп жазды.

XS
SM
MD
LG