Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36
Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

ЖК “Чет элдик өкүл” мыйзамын биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында "Чет элдик өкүл жөнүндөгү" мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда эч кандай талкуусуз кабыл алды.

10:29 9.11.2023

Одесса облусунда Либериянын туусу алдында жүрүп бараткан жарандык кеме ракеталык чабуулга кабылып, жабыркады. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн «Түштүк» ыкчам башкармалыгы 8-ноябрда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ракета кеме портко кирип бараткан учурда тийген – бир украиналык лоцман (деңиздеги багытоочу кызматкер) каза болуп, кеменин экипажынын үч мүчөсү (Филиппин жарандары) жана портто иштеген бир жумушчу жараат алышты.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы ракета Кара деңизде турган орусиялык тактикалык авиация учагынан атылганын билдирди.

Орусия бул окуяга байланыштуу комментарий бере элек. Согуштун айынан мурдагы керектөөчүлөрүнө дан жана башка азыктарын деңиз аркылуу жеткире албай калган Украина Түркиянын ортомчулугу аркылуу орус бийлиги менен “дан келишимин” түзгөн. Кийин бул келишим иштебей калган. Орусия Кара деңиздеги украиналык портторго жөнөп бараткан кемелер “мыйзамдуу бута” катары каралышы ыктымал экенин эскерткен.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери кармаш уланууда.

17:20 25.10.2023

Кыргызстандын медиа жана жарандык коом өкүлдөрү АКШнын, Швейцариянын, Улуу Британиянын жана Европа өлкөлөрүнүн элчиликтерине кайрылып, «чет элдик өкүл» мыйзамын колдогон депутаттарды жана алардын жакындарын виза жагынан чектөөгө чакырышты.

25-октябрда аталган мыйзам долбоору (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу) Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды.

Кайрылууда мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматованын, төрага Нурланбек Шакиевдин, Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковдун жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекованын аты аталды.

Журналисттик иликтөөлөр фондунун аткаруучу директору Гладис Темирчиева «Азаттыкка» билдиргендей, бул кайрылуу аталган мыйзам комитеттерде да, жалпы жыйында да гендердик, укуктук жана башка тийиштүү экспертизалардан өтпөстөн, регламенттин одоно бузулушу менен кабыл алынып жатканына байланыштуу кабыл алынды:

“Кыргыз жарандарынын гана эмес, бул жакта иштеген чет өлкөлүктөрдүн да сөз эркиндигине, пикирин эркин билдирүүгө, чогулууга болгон укугун чектөөчү мыйзамды колдоп жаткан депутаттар аталган мамлекеттерде бизнес ачышына, мүлк сатып алышына, балдарын окууга жөнөтүүгө же өзүлөрү барышына, ал жакта жашашына, эс алышына жол берилбеши керек деп эсептейбиз. Көптөгөн депутаттардын бул өлкөлөрдө бизнеси бар, балдары окушат”.

Мыйзамды депутат Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, 20сы калган.

11:37 25.10.2023

Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында "Чет элдик өкүл жөнүндөгү" мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда эч кандай талкуусуз кабыл алды.

Анда документтин негизги автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти талкуусуз добушка койду жана көпчүлүк колдоду.

Муну "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова сынга алып, парламенттин регламенти сакталбай калганын эскертти.

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору Надира Нарматова анын атын "чет элдик өкүл" деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан.

Башында автор катары Нарматова өзү жалгыз көрсөтүлгөн документке кийин дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Коомчулуктагы кызуу талаш-тартыштардан соң бир катар депутаттар авторлуктан баш тартышкан. Мунун себебин алар документте ашыкча чектөөлөр киргизилип жатканы менен байланыштырган.

“Адилет” укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. 120 уюм парламенттин комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам “чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамдан айырмасы жоктугун, агент деген сөздү өкүл деп гана алмаштырып коюшканын, эгер ал кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен.

Кайрылууда мыйзам долбоорунда демократия принциптерине карама-каршы келүүчү бир катар басмырлоочу ченемдер бар экени, алар өлкөнүн Баш мыйзамына да туура келбестиги, мамлекеттик органдарга өзүнө жакпаган бейөкмөт уюмду каалагандай жол менен жаап коюу мүмкүнчүлүгү берилип калары, калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан уюмдардын ишине да бөгөт коюлары айтылган.

Негизги автор, депутат Надира Нарматова бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.

14:57 17.10.2023

Жарандык коом: Бейөкмөт уюмдар өкмөткө жардамчы болуп жатат

"Лейлек-Инсан" коомдук фондунун төрайымы Гүлнара Дербишева "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда бейөкмөт уюмдардын ордун белгилеп кетти.

"Элет жеринде көйгөйлөр аябай көп. Жергиликтүү бийликтин, өкмөттүн, парламенттин аларды чечүүгө эч колу тийбейт. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар өкмөткө, бийликке жардамчы катары иштейбиз. Былтыркы Баткенде болгон кыргыз-тажик жаңжалында да биз, мамлекеттик эмес уюмдардын активисттери, алгачкылардан болуп ыктыярчыларды уюштуруп, эвакуацияны баштап, жардам колубузду сунганбыз. Биз элеттик аялдарга, чек арадагы элге дайыма жардам берип келебиз. Биз чет өлкөлүк өкүл деген ат менен ушундай оор мезгилдерде кантип иштейбиз? Сиз ошону да ойлошуңуз керек. Мамлекеттик эмес уюмдар деле Кыргызстандын өнүгүшүн каалайбыз, биз деле ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Кыргызстан силердин гана эмес, биздин да мекенибиз, өлкөбүз", - деди Гүлнара Дербишева.

"Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгакы Мамасалиева "чет элдик өкүл" тууралуу мыйзамсыз эле бейөкмөт уюмдарга кысым күчөгөнүн айтты.

"Мен Баткенге барып, ал жактагы элге укуктук жардамды кантип алуу керектиги, Конституциялык укуктарын кантип колдоно алышары жана башка маселелер боюнча кеп-кеңештерди берип жүрөм. Милиция менин артымдан жүрөт, мен кирип-чыккан үйлөргө алар да кирип, ошол үй-бүлө мүчөлөрүн "эмне үчүн бул аял менен сүйлөшөсүң" деп, коркутуп чыгат. Эми бул мыйзам кабыл алынса, кылган ишим үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин камалып кетет экенмин. Бул деген киши өлтүргөн адамдын жазасы менен барабар да", - деген Гүлгакы Мамасалиева депутаттарды бул мыйзамды кабыл албоого чакырды.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча бүгүн, 17-октябрда парламенттик угуу болуп өттү. Ага депутаттардан тышкары тийиштүү мекеме-уюмдардан, жарандык коомдон жүздөн ашуу киши катышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG