Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Баткенде чек арадагы жергиликтүү кеңештин аял депутаттары үчүн бир жылдык долбоор башталды


Окутууга катышып жаткан депутат айымдар. 16-октябрь, 2023-жыл
Окутууга катышып жаткан депутат айымдар. 16-октябрь, 2023-жыл

«Баарлашуу, ишеним, укук» коомдук бирикмеси Баткен районунун Тажикстанга жакын жайгашкан Самаркандек, Актатыр, Ак-Сай жана Кара-Бак айыл аймактарындагы аял депутаттардын лидерлигин колдоо максатын көздөгөн атайын долбоорун баштады.

“Баткен облусунун чек ара аймактарындагы аялдардын лидерлигин бекемдөө” долбоорунун алкагында тандалган жергиликтүү кеңештин 25 депутаты бир жыл бою активдүүлүгүн арттыруу багытында иш-чаралар уюштурулат" деп айтылат маалыматта.

Баткен облусу боюнча жергиликтүү кеңештин 661 депутаты болсо, анын 215и - кыз-келиндер.

“Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө” мыйзамга 2019-жылы өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык айылдык, шаардык кеңештердеги депутаттардын 30% аялдардан турууга тийиш. (JsA)

XS
SM
MD
LG