Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:19

Путин Газада Ленинград блокадасындагыдай абал түзүлбөшү керектигин айтты


Владимир Путин
Владимир Путин

Путин Газа тилкесинде Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Ленинградды блокадага алгандай абал түзүү туура эмес деп эсептейт.

Орусиянын президенти бул пикирин Кыргызстанда өткөн саммит учурунда билдирди.

"Биз азыр байкап жаткандай, атүгүл Америка Кошмо Штаттарында да болуп аткан окуяларга, анын ар кандай варианттарда өнүгүүсүнө баа берилип жатат. Анын ичинде Газа тилкесине Экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө Ленинградга кандай блокада жасалса, азыр да согуштук жана согуштук эмес мүнөздөгү чараларды көрүү мүмкүндүгү айтылууда. Биз мунун баары эмнеге байланыштуу экенин түшүнөбүз. Менин көз карашымда, мындай жасоого болбойт", - деди Путин.

Ал Кошмо Штаттарында "Ленинград блокадасы учурундагыдай планды" ким сунуштап жатканын так айткан эмес.

Орусиянын президенти "Израил масштабы боюнча да, аткаруу мүнөзү боюнча да тарыхта болуп көрбөгөндөй чабуулга кабылганын, ага Израил жол менен масштабдуу жана ырайымсыз жооп берип жатканын" белгилеген.

Бишкектеги КМШнын саммити маалында Путин Израил-Палестин согушун “бир борбордо эки мамлекет” формуласы менен эгемен Палестина мамлекетин түзүп, чечүү зарылдыгын, мындай вариант БУУнун атайын резолюциясында каралганын айтты.

Бул билдирүүдөн кийин ХАМАС Москванын Газа тилкесин блокадага алууну сындаган турумун жана согушкан тараптарга ортомчу болуу аракетин "жогору баалаганын" америкалык Washington Post басылмасы билдирди.

Кыймылдын орус бийлигине ыраазычылык билдиргенин бир катар орусиялык басылмалар да жазды.

Washington Post Кремль Израилге кол салууга камтамачылыгын билдиргени менен ХАМАСты айыптабаганын, анын ордуна муну Батыш дипломатиясынын катасы катары сыпаттаганын эске салган. Басылма муну менен катар Путиндин Украинага кол салуу буйругунан кийин миңдеген бейкүнөө адамдар өлгөнүн белгилеген.

7-октябрда ХАМАС жана "Ислам жихады" куралдуу топтору Израилге чабуул жасап, андан кеминде 1300дөй израилдик набыт болуп, дагы 3400дөй жаран жараат алган.

Бул кол салууга жооп катары Израил бир аптадан бери Газа тилкесине абадан жапырт сокку урууда. Эми Израил жер менен кеңири масштабдагы чабуул баштоону пландап жатат.

Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, израил армиясынын аба соккуларынан 1900дөй адам каза таап, дагы 6 миңдейи жарадар болду.

XS
SM
MD
LG