Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Кыргызстанда кармалган чеченстандык активист соттолду


Мансур Мовлаев сот залында. 21-август, 2023-жыл
Мансур Мовлаев сот залында. 21-август, 2023-жыл

Кыргызстанда кармалган чеченстандык активист Мансур Мовлаев алты айга эркинен ажыратылганын 12-октябрда «Азаттыкка» Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, өкүм 4-октябрда чыккан, анда Мовлаев Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» деген беренесинин негизинде айыптуу деп табылганы белгиленген.

Ал жалпы тартиптеги колонияга жөнөтүлөрү, жаза мөөнөтүнүн 20-августтан тартып сот чечимине чейинкиси бир күнү эки күн деп эсептелери айтылган.

Жазасын өтөп бүткөндөн кийин ал Кыргызстандан депортацияланат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында колго түшүрүлгөнүн 21-августта билдирген.

Мекеме тараткан маалыматында 28 жаштагы шектүү радикалдуу идеологияны карманарын, быйыл январда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп келип, орус жарандыгы тууралуу жасалма паспорт менен жүргөнү аныкталганын белгилеген.

Мовлаев менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери абактан жолугуп чыкканда ал эгерде Кыргызстандан экстрадиция болсо барган жеринен сөзсүз кыйноого кабыларын айткан.

VC.RU сайтындагы маалымат боюнча, Мовлаев Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун негизги сынчыларынын бири. Ал 2020-жылы үч жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок кайра кармалып, Шалин райондук ички иштер бөлүмүнөн качып чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG