Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:33

Кыргыз-орус кызматташтыгы боюнча алты документке кол коюлду


Садыр Жапаров жана Владимир Путин.
Садыр Жапаров жана Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында 12-октябрда мамлекет башчы Садыр Жапаров менен өткөн жолугушуудан кийин алты документке кол коюлду. Алар негизинен юстиция, айыл чарба, билим берүү тармактарына байланыштуу документтер болду.

Тийиштүү мекемелердин жетекчилери Кыргыз-Орусия Славян университетинин ишмердүүлүгүнүн шарттары, юстиция тармагындагы кызматташтык тууралуу макулдашууларга, айыл чарба жана экология министрликтеринин ортосундагы жана биологиялык коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтык боюнча меморандумдарга, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Москва мамлекеттик университетинин ортосундагы протоколго кол коюшту.

Президент Садыр Жапаров Путин менен жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө ортодогу мамилени активдештирүү жана кеңейтүү зарылчылыгы дагы бир жолу баса белгиленгенин, соода-сатык тийиштүү деңгээлде өнүкпөй жатканын, андыктан 5 миллиард долларлык көрсөткүчкө жетүү тууралуу амбициялык план коюлганын айтты. Коопсуздук, отун-энергетика, айыл чарба тармактарындагы кызматташтыкты жакшыртуу макулдашылганын, Канттагы базанын коопсуздукту камсыз кылуудагы оң ролу белгиленгенин кошумчалады.

Орусия президенти бүгүнкү сүйлөшүүлөр натыйжалуу, конструктивдүү болгонун, бардык багыттар камтылганын, аймактык жана эл аралык маселелер да талкууланганын, былтыр ортодогу соода жүгүртүү көлөмү 37% өскөнүн айтты. Быйыл Канттагы орусиялык авиабазанын 20 жылдыгы белгиленерин айтып, бул база “Кыргызстандын коргонуу дараметин бекемдөөгө, Борбор Азия аймагында коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого олуттуу салым кошуп жатат” деген оюн кошумчалады.

Орус президенти расмий сапар менен Бишкекке бүгүн эртең менен келген. Эртең ал Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) саммитине катышат. Сапар алкагында Путин Канттагы орусиялык авиабазага да барары кабарланган, азырынча бул боюнча расмий маалымат бериле элек.

Украинага кол салганы үчүн бир топ өлкөлөрдүн айыптоосуна кабылган, украиналык балдарды өлкөсүнөн мыйзамсыз чыгарып кеткен саясаты үчүн Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун камакка алуу ордери берилген Путин ушуну менен Украинага согуш ачкандан бери Кыргызстанга экинчи жолу келип отурат. (RK)

XS
SM
MD
LG