Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:06

Ташкенттин туруктуу жашоочулары 3 миллиондон ашты


Ташкент шаары
Ташкент шаары

Ташкентте туруктуу жашаган элдин саны 1-октябрга карай 3 миллион 20 миңге жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.

Өзбек башкалаасында жашагандардын 1,481 миллиону эркектер, 1,538 миллионун аялдар түзөт.

Шаардын Алмазар районунда калк жыш отурукташкан. Ал жакта 395 миң тургун бар.

Статистика агенттиги белгилегендей, борбор калаанын калкы 1960-жылы бир миллиондон, 1985-жылы 2 миллиондон ашкан.

Июнь айындагы расмий статистикага ылайык, Өзбекстандын туруктуу калкы 36 миллиондон ашкан. Былтыр, бир жыл ичинде өлкө эли 753 миңге көбөйгөн.

BNE Intellinews басылмасы коңшу өлкөнү постсоветтик аймакта эли жаш жана динамикалык ыргакта өнүгүп бараткан өлкө деп белгиленген.

XS
SM
MD
LG