Нидерланд бийлиги орусиялык «Яндекс» компаниясына таандык Yango тиркемесин текшерүүгө киришти. Алар орус атайын кызматтары такси буюртма кылуучу тиркеменин Европадагы кардарлары тууралуу маалымат чогултушу мүмкүн деп чочулашат.
Текшерүү тууралуу кабарды Bloomberg агенттигине падышалыктын маалыматтарды коргоо мекемеси бышыктады. Буга чейин ушундай эле кооптонууну Финляндия жана Норвегиянын бийликтери айтып келген.
1-сентябрда Орусияда Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) такси сервистеринин колдонуучулары тууралуу маалымат алууга жол ачкан токтом күчүнө кирген.
Августта «Медуза» басылмасы иликтөө жүргүзүп, "Яндекс" кардарлар, анын ичинде чет жактагылар жөнүндө маалыматтарды сактайт деген жыйынтыкка келген. Сервис чет өлкөлөрдө башка аталыштар менен иш алып барат. Ошондон кийин Финляндия жана Норвегия Yango тиркемесинин пайдалануучулары тууралуу маалыматтар Орусияга берилбеши керек, бул европалык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелет деген атайын токтом чыгарган.
“Яндекс” компаниясы атайын кызматтар чет өлкөлөрдөгү такси сервистери жөнүндөгү маалыматтарды алып турат деген ырастоолорду четке кагууда.