Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:45

Кыргызстандын экономикасы тогуз айда 4,2% өстү


Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 808,3 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4,2% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети тогуз айга карата баштапкы эсебин чыгарган соң кабарлады.

Мекеме билдиргендей, мунун ичинде курулуш тармагы 13,7%, кызмат көрсөтүү тармагы 5,1%, пайдалуу кендерди казуу 3,8% өсүш менен чыкты. Айыл чарба жана өнөр жай дээрлик өткөн жылкы көрсөткүчтөр менен бирдей болду.

Кыргыз өкмөтү алгач 2023-жылы экономикадагы өсүш 4,9-5% болот деп болжолдоп жаткан. Кийин такталган эсебинде мерчемди 4,5% чейин түшүргөн. Мунун себебин Экономика министрлигиндеги аткаминерлер Кумтөрдөгү алтын өндүрүшү кыскарганы менен түшүндүргөн.

Эл аралык уюмдар да аз убакыт мурда Кыргызстандын ички дүң продуктунун 2023-жылкы өсүшүнө карата божомолдорун жаңылап жарыялашып, күтүлүп жаткан көрсөткүчтөрдү аз-маз төмөндөтүшкөн. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) быйыл кыргыз экономикасынын темпи 3,8% болот деп божомолдосо, Дүйнөлүк банк 3,5% өсүш менен чыгат деп болжолдогон. Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) да Кыргызстандын экономикасына байланыштуу болжолун төмөндөтүп, жыл жыйынтыгында 3,4% өсөт деген бүтүм чыгарды.

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда ИДӨ соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 7,1% чейин түшүп кеткен. Такталган эсепте 2021-жылкы өсүш 5,5%, баштапкы эсепте 2022-жылкы өсүш 6,3% деп саналды. Адистер бул эки жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам экономика төмөндөп кеткен учурга салыштырмалуу көп көрүнүп жатканын белгилешет. (ErN)

XS
SM
MD
LG