Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:46

Аба ырайы: тоолуу райондорго кар жаайт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде карга айланат. Тоолуу райондордо кар жааса, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16 градус жылыйт.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 8…10 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG