Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:17

Газадан кетүүгө мажбур болгондор 338 миңге жетти


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы билдиргендей, калкы 2,3 миллион адамды түзгөн Газада үй-жайын таштап качууга мажбур болгондор 338 миңге жетти.

Газа секторунда израилдик чабуулдан 12-октябрга караган түнү 50 чакты палестиналык каза болгонун аталган аймактын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Дагы 281 адам жараат алганы кабарланды.

Буга чейин палестиналыктар арасынан каза тапкандар жалпысынан 1100гө жеткени маалымдалган.

Ал эми Израилде ХАМАС тобунун чабуулдарынан жалпысынан кеминде 1200 адамдын өмүрү кыйылды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты “Ислам мамлекети” террордук тобуна теңеп, анын жоочуларына каршы күрөштү улантарына ант берип, бул топтун ар бир мүчөсүн “өлүк” деп атады.

Өлкөнүн коргоо министри Йоав Галант Израил “ХАМАСты жер менен жексен” кыларын айтты.

7-октябрда ХАМАС тобу Израилдин аймагына жапырт чабуул жасагандан бери тиреш уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG