12-октябрда Орусиянын лидери Владимир Путин Бишкекке расмий сапар менен келет. Ал ЖККУнун Канттагы аскердик базасынын 20 жылдык иш-чарасына барып, Балыкчыдагы аскердик машыгууну көрөт. 13-октябрда Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) саммитине катышат.
"Азаттык" Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору Александр Кули менен байланышып, бир нече суроо узатты.
- Профессор Кули, ушул тапта Украинада уруш уланууда. Быйыл мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту орус лидери Путинди кармоого ордер бергенден бери ал Борбор Азияга биринчи жолу келип жатат. Мына ушундай дүйнө олку-солку болуп жатканда Путиндин бул сапары кырдаалды кайсы бир жакка өзгөртөбү?
- Мен бул сапар оюндун эрежесин өзгөртөт деп ойлойбойм. Путин бардык жолугушууларда Орусия аймакта эң маанилүү оюнчу экенин көрсөтүп, бул жолугууларда Москва канчалык маанилүү экенин, Москва Борбор Азиядагы коопсуздукка келгенде өнөктөш жана анын кепилдиги деп баса белгилейт. Кыргызстан, Казакстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө, бул эки өлкө кирген негизги аскердик бирикме экенин, ал гана коопсуздукка кепилдик бере аларын кайталайт.
Путин Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин башка өлкөлөр менен да алака-катышы бардыгын, алар канчалык салмактуу экенин жакшы түшүнөт. Бирок эң маанилүү чечимдерди кабыл алардан мурун чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр оболу Москва менен кеңешүү керектигин түшүнөрүнө ишенгиси келет.
- Президент Путин Канттагы Орусиянын аба базасына да барат. Ал ЖККУнун бирдиктүү базасы деп аталат. Карабактагы кармаштан кийин Армения ЖККУдан чыгарын жарыялады. Бул аскердик альянстын ичинде эмне өзгөрүүлөргө түртөт?
- Бул өтө жүйөлүү суроо. Армения ЖККУнун мүчөсү болуп туруп буга чейин Азербайжан менен жаңжал чыкканда аскердик бирикмеден жардам сураган. ЖККУ болсо ал жаңжалга аралаша албай турганынын юридикалык негиздемелерин келтирген. Тоолуу Карабактагы жаңжал Армениянын аймагынын сыртында болуп жаткандыктан ал ЖККУнун юрисдикциясына кирбейт деп жооп берген. Аймактык аскердик уюм өзүн актаган аргументтерди издейт. Негизи эле бирикме ага кирген өлкөлөрдөгү жаңжалдарга аралашкысы келбейт. Биз буга 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон этностук чыңалууда күбө болгонбуз.
ЖККУ болгону 2022-жылы январда Казакстандагы жаңжалды токтотууга аралашты. Казакстандын ички иши дебестен, ЖККУ президент Токаевди колдоду. Андыктан Пашинян көптөгөн армяндардай эле "силер менен болгондон эмне жакшылык көрдүк?" деген суроону тикесинен койду. “Биз альянска мүчөбүз, бирок силер кылчайып да койгон жоксуңар”, – деген кине артты. Еревандын көз карашында альянс өзүнүн кубатын жоготуп, керексиз уюмга айланды. Андыктан ал Москваны ачык эле сындаганга өттү.
Албетте, бул Москага кантип жакмак эле. Армения америкалык аскерлерди чогуу машыгууга чакырганы Кремлди безге сайгандай кылды. Захарова айымдын билдирүүсүн көргөн чыгарсыздар, ал “Эми Армения НАТОго корголосун” деп айтты. Бул жерде Армения Москванын коопсуздуктун гаранты деген макамына ишенимди жок кылганына Кремлдин ичи кандай ачышып жатканы байкалат.
Көрүнүп тургандай, Пашиняндын колу буга чейин байлануу эле. Акыры Карабактагы күчтөр капитуляция болду. Армения Азербайжан менен кармашты андан ары күчөткүсү келген жок. Бирок армян-азербайжан алакасы үзүлдү. Орусия жаңжал маалында Армения тарапка ачык өтө албаса да, ал жердеги саясий кво-статусун сактап тура алган жок. Андыктан Армения Орусия менен өнөктөштүк эч нерсе берген жок деген таризде колдоону башка жактан издөө зарылдыгын түшүндү.
- Мындай жагдайда ЖККУнун аймактык аскердик бирикме катары саясий салмагы канчалык? Украинадагы согуш бул аскердик альянска кандай таасир этти?
- Согуштун таасири тууралуу ой чабыттасак, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бүтүндүгүн чыңдады. Бирок ошол эле маалда ЖККУну алсыратты. Согуш экономика менен коопсуздукка эки башка таасир этти. Көп өлкөлөр Орусия менен ачык тирешип, жаман-жакшы айтышкысы келбейт. Анткен менен Еревандын ЖККУдан чыгып кеткени Орусиянын эл аралык беделине доо кетирди деп айта албайм.
Ереванды бирикменин ичинен кимдир бирөө колдобойт. Кыргызстан менен Казакстан андайга түк барбайт. Бул болгону ЖККУнун ичинде ичинде кандайдыр бир өзгөртүүлөргө таасир этчү рычагдар тууралуу талкууга түрткү болуп бере алат деп ойлойм. Алар кошумча бир субсидия алабы? Курал-жарак жагынан кандайдыр бир пайдалуу келишимге жетишеби? ЖККУга мүчө болуп туруп, дагы бир маневрларды жасай алабы?
Бирок Пашиняндын Орусияны уят кылганына шыктанган дагы кимдир бирөө бардыгына көзүм жетпейт. Ооба, ошол эле учурда ЖККУга киргенине карабай Армениянын кызыкчылыгы корголбой калганын баары моюнга алат.
- Бишкекте КМШнын дагы саммити өтөт. Украинада уруш башталганы Борбор Азиянын лидерлери С5+1 форматында бир нече жолугушууларды өткөрдү. Украинадагы согуш чөлкөмдү кантип өзгөртүүдө?
- Орусиянын Украинага жасаган агрессиясынан, коңшу өлкөгө карасанатайлык менен кол салып, Украинанын эгемендигине доо кетиргенден кийин, албетте, бардык эле постсоветтик мамлекеттер Украинага жан тартып, анын тарабында болот деген күтүлгөн.
Анткени алар кийинки кезде мындай мүшкүл биздин башка да түшпөйбү деп чочулашат. Орусия Украинага басып киргендей окуя Казакстандын түндүгүндө болушу ыктымал да, туурабы? Коңшусуна басып кирип, "биз аймактык бөлүнүүнү кайра карап жатабыз" же ал жерде "силердин улутташтар жок" деп айтышы ыктымал. Андыктан Борбор Азиянын нейтралдуу макамда турганы менен ичинен Украинага жан тартат деген туюм бар болчу.
Бирок Орусия менен Борбор Азиянын алакасындагы чиеленген байланыштар, анын ичинде экономикалык жана элдердин карым-катнашына келгенде биз эмнени көз жаздымда калтырганбыз. Биз эми ага согуштан кийин күбө болуп жатабыз. Согуш башталганы көптөгөн орус жарандары Борбор Азияга качып киргенин көрдүк. Аскерге барбоонун айласын издеген IT-адистери башка жакка агылды. Анын жүрүшүндө Борбор Азиянын жергиликтүү калкы менен жаңы келген орус жамааттарынын ортосундагы чыңалууга күбө болдук. Ошол эле маалда Орусияда эмгек күчү жетишпегендиктен мигранттарды канчалык коркунуч тооруп турса да алардын саны кескин азайган жок.
Согуштун айынан адамдар ушундай аралашып, жер которорун биз мурун аңдаган эмеспиз. Экинчиси – экономикалык көрсөткүч. Биз экономикалык байланыштар, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин ишмердиги солгун деп, кагазда калган, аты бар, заты жок деп жүрчүбүз. Азырчы? Азыр Борбор Азияда каттоодон өткөн орусиялык фирмалардын көптүгүн карасаңар. Ар кандай биргелешкен фирмалар же орусиялык компаниялардын жергиликтүү филиалдары – реэкспорт үчүн укуктук, салыктан бошотулган, эң башкысы санкцияларды айланып өткөн жолдорду таап жатпайбы.
Мындай институционалдык негиздерди биз узак жылдар бою көңүлгө албай же пайдасыз деп жокко чыгарып койгонбуз. Демек, азыр мындай байланыштардын маанисин, артыкчылыгын түшүнүп калдык. Бирок согуш башталганда Борбор Азия анын келечегине дагы Украинадагыдай чыныгы коркунуч бардыгын аңдап, Украина менен Батыш тарапта болот деген көз караш басымдуу эле.
- Борбор Азия нейтралдуу көз карашта болгону менен ошол эле Улуттар Уюмунда Орусияны жактаган резолюцияларга кошулганычы?
- Чындап эле бул катаал суроо. Мага саясатты таризде деген тапшырма берилсе, кайсы бир жактын тарабында болбой туруп мүнөздөмө бермекчимин. Анткени эгер Батыштын же Орусиянын тарабында болсоңуз анда жаңжалдын очогунда каласыз. Туурабы?
Андыктан, Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө, коомдук пикир тууралуу айтпаганда, өлкөлөрдүн бийлиги тигил же бул тарапты ачык колдорун билдирбейт. Ооба, аймактык бүтүндүк, эгемендикке байланыштуу олуттуу коркунуч турса дагы Орусиянын коңшусуна басып киргенин айыптабайт. Улуттар Уюмунда Орусияны Адам укуктары кеңешинен чыгаруу үчүн добуш берүүдө Борбор Азия мамлекеттери калыс туруп же добуш берүүдөн баш тартпастан, каршы добуш берди.
Албетте, алардын эзелтеден дипломатиялык байланыштары канчалык маанилүү экенин эч ким тана албайт. Бирок азыркы кырдаалда Борбор Азиянын лидерлери туңгуюкка кептелип калбашы үчүн оболу өздөрү тактап алганы туура.
Азыр чөлкөмдүн өлкөлөрү Орусиянын да, Батыштын да санкциялар тууралуу айтканына жооп берип жатат. Бирок мындан ары Батыш аларды санцияларды айланып өтүүгө өбөлгө болуп берип жатканы үчүн экинчи даражадагы санкцияларга илип койсо эмне болот? Анда Американын базарына чыгуу, долларды колдонуу чектелет. Вашингтондогу айрым аткаминерлер ушундай катаал чараны киргизүүнү туура көрөт. Анткени алар борбор азиялыктар Орусиянын базары менен АКШнын рыногун тандоого мажбур болсо, албетте, Орусияныкын тандашат деп ишенет. Кандай болгондо да чөлкөмдүн өлкөлөрү эки оттун ортосунда туруп, тең салмакташтыруунун аргасын жасоодо.
Ошол ортодо тургандын өзү Борбор Азиянын элиталары менен башкаруучулары үчүн баш катырган саясий оюнга айланды.
- Украинадагы уруш эмне болот, согуш качан бүтөт деген суроо ар бирибиздин эле оюбузда турат го. Деги эле Украинадагы согуштун бизге берген сабагы эмне?
- Украинадагы уруштун нугу майдандагы украиндердин ийгилигинен көз каранды. Украин элинин алдында өз аймагын кайра калыбына келтирүү максаты турганда Батыш өз колдоосун улантат. Ал үчүн экономикалык жана аскердик жардамды көбөйтүп, заманбап курал-жарак берүүнү көбөйтөт.
Эгерде фронтто кырдаал туңгуюка кептелип, курмандыктар көп болуп кетсе, анда балким ок атышууну токтотуп, кандайдыр бир сүйлөшүү аркылуу чечели деген сунуштар болобу – аны келечек көрсөтөт. Украиндер болсо тарттырып жиберген жерин кайра кайтарып алабыз деп турганда Вашингтон жана Европа өлкөлөрүнүн көбү өз жардамын токтотпойт.
Борбор Азияга сабагы кандай? Борбор Азия Орусияга каршы дүйнөнүн бөлүгү – Батыштын тарабында болууну каалабайт. Алар кимдир бирөөнүн тарабына өткүсү келбейт. Ошол эле маалда социалдык чөйрөдө, муундар ортосунда кызыктуу өзгөрүүлөр байкалат. Орусия колониалдык держава болгону, анын баскынчылык саясаты тууралуу талкуулар күчөдү. Советтер Союзун улуу держава көрүп келсек, азыр аймакта деколонизация жараяны жүрүүдө. Муну терең түшүнгөн калктын бир катмары бардыгы, бул маселенин бара-бара жүйөлүү негиздери табылып жатканы байкалат.
Өткөнгө сереп салып, тарыхка кылчайып отуруп Казакстандагы геноцидди кантип эстебейсиң? Советтик бийликтин түзүлүшү кандай болгон деген суроо чыгат. Ал аймакка кандай таасир эткен? Мындай ачык жана актуалдуу суроолор эне тил, инденттүүлүк, улуттук маданиятты көтөрүүгө барып такалат. Бул бир гана эффект. Мына ушул татаал жараяндын баары азыр аймакта жүрүп жатат.
Мунун баары ким Украина же ким Москва тарапта дегенди эмес – аймактын калкы дагы өз алдынча Украиндагы согуштан сабак алып жатканын туюндурат.