Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:28

Израил-ХАМАС согушу: Каза болгондор эки миңден ашты


ХАМАС тобунун чабуулунан каза болгон Израил жарандары 10-октябрга карата 1200гө жеткенин жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча, каза болгон палестиналыктар 900гө жетти, Иордан дарыясынын батыш жээгинде дагы 21 киши набыт болду, каза болгондордун жарымы балдар жана аялдар. Мындан тышкары 4500 палестин жараны жараат алды.

Соңку суткада Израилдин армиясы ХАМАС тобунун Газа секторундагы турумдарына 450дөн ашуун жолу чабуул жасады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын соңку маалыматына караганда, Газанын 263 миңдей тургуну жер которууга мажбур болду.

7-октябрда ХАМАС тобу Израилдин аймагына жапырт чабуул жасагандан бери тиреш уланууда. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG