Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:34

Израилдеги кыргыз жарандарынын үчөөнү чыгарып кетүү аракети көрүлүүдө


Израилдеги кыргызстандыктар арасынан үчөө бул өлкөдөн чыгып кетүү ниетин билдиргенин, ушул тапта аларды алып чыгуу маселеси каралып жатканын 10-октябрдын кечинде Кыргызстандын Израилдеги элчилиги (резиденциясы Анкарада жайгашкан) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Израилде жашап жаткан кыргыз жарандарынын тизмеси такталууда, азыркы тапта алардын саны 65 киши деп аныкталды. Ар бирине телефон чалып, тактоо иштери уланууда.

Соңку окуялардан улам кыргыз жарандары жабыр тартканы тууралуу маалымат түшпөгөнү маалымдады.

Элчилик муну менен катар Израилде жашаган кыргыз жарандарын өлкөнүн чек арага жакын, куралдуу кармаш жүрүп жаткан аймактарына барбай турууга чакырды.

ХАМАСтын жоочулары бутага алган объектилердин бири Газа сектору менен чектеш тилкеге жакын жердеги Негев чөлүндө өткөн Nova Festival музыкалык фестивалы болгон. 7-октябрда ал жерде израилдик жаштардан 2 миңдей адам чогулган. Чабуул учурунда фестивалдын көптөгөн коноктору өлтүрүлүп, калгандары барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 8-октябрга караган түнү ХАМАС тобунун аскердик жана өкмөттүк потенциалдын жок кылуу боюнча аскердик өнөктүк баштоого Коопсуздук кабинетинен макулдук алганын жарыялаган.

Соңку маалымат боюнча, израилдик 1200, палестиналык 900 жаран каза болду.(RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG