Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:11

Элмурза Сатыбалдиев Беларуста Бакиев менен жолукканын ырастады


Элмурза Сатыбалдиев.
Элмурза Сатыбалдиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев парламенттик расмий делегациянын Беларустагы соңку сапары учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолугуп келгенин 10-октябрда “Азаттыкка” ырастады. Ал Бакиевдин аялына куран окутуш үчүн “депутат эмес, катардагы адам катары демилге көтөрүп, учурашып келгенин”, 1-2 саат сүйлөшкөнүн айтты жана жолугушуу анын үйүндө эмес, башка жерде болгонун билдирди:

“Мен да ушул делегациянын катарында бардым, бирок өз каалоом менен Курманбек Салиевичке жолуктум. Өзүмдүн демилгем менен, делегациядан, сапардан тышкары. Минск шаарында. Себеби, мен ал киши менен иштегем кол астында, аны баары билет. Жакында, билесиңер, келинчеги кайтып кетти, ошого жолугуп, көңүл айтып коёюн деп өзүм демилге көтөрүп, жолуктум”.

Сатыбалдиев бул жолугушууга төрага Нурланбек Шакиев жана депутат Бакытбек Сыдыков да катышканы тууралуу сөздөрдү четке кагып, “төрага протоколдон бир мүнөт ары же бери чыга албай турганын”, ал эми Сыдыков менен жолугууга эч кандай себеп жок экенин айтып, “анткени булар атасы аркылуу гана байланыштуу болушкан” деп кошумчалады.

Спикер Шакиев баштаган парламенттик делегация 4-6-октябрда расмий сапар менен Беларустун борбору Минскиде болуп, бул өлкөнүн жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп келген.

Кечээ интернетте Минскиде Шакиев жана депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков Бакиевдин сыйлуу коногу болгону, аларды мурдагы президент өзү чакырып, сый тамак уюштурганы тууралуу маалымат тараган.

Шакиевдин Бакиев менен жолукканы тууралуу тарап жаткан маалымат жалган экенин 10-октябрда “Азаттыкка” спикердин маалымат катчысы Алтынбек Деркембаев билдирди. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылып, мындай негизсиз сөздөрдү жайылтуудан карманууга чакырды.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 90го жакын киши набыт болгон. Ал өзү жана тун уулу Марат Бакиев соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

2006-2009-жылдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, башкы прокурор, 2009-2010-жылдары президенттин коопсуздук боюнча кеңешчиси болуп иштеген Элмурза Сатыбалдиев да соттолгон. 2014-жылдын июль айында ал кызмат абалынын ашыкча пайдаланган деген айып менен 10 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган. 2016-жылы Аскер соту анын тергөө абагында 2010-жылдан бери өтөгөн жаза мөөнөтүн эске алып, мунапыс колдонгон. 2019-жылы Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Сатыбалдиевдин соттуулугу жоюлган. (RK)

XS
SM
MD
LG