Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:02

Жогорку Кеңештин дагы бир комитети репрессия курмандыктарын актоо мыйзамын жактырды


“Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик.
“Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик.

10-октябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоп берди.

Долбоордун авторлорунун бири, депутат Жанарбек Акаев мыйзам кабыл алынса, советтик репрессиянын курмандыктарын актоо үчүн атайын комиссия түзүлөрүн айтты. Ал мыйзам 1941-1945-жылы согуштан качканы үчүн чыккынчылыкка айыпталып, соттолгондорго тиешеси жоктугун белгиледи.

Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети аталган мыйзам долбоорун 18-сентябрда биринчи окууда карап, жактырган.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган жарандардын укугу жана кепилдиктери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун депутаттар Жанар Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо демилгелеп чыккан.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго чукулу атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары байырлаган жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлдөрү жарым-жартылай кабылган.

Немистер, поляктар, калмактар, карачайлар, балкарлар, ингуштар, чечендер, крым татарлары, корейлер, финдер Сибирге, Борбор Азияга айдалган. Улуттук негизде куугунтукка кабылган калктардын болжолдуу саны 6 миллиондон ашкан.

Тарыхчылар сталиндик репрессиянын залалын иликтөө зарылдыгын, Кыргызстанда бул иштин чети да оюла электигин айтып келет.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстандын Жогорку Соту былтыр совет мезгилинде репрессия курмандыгы болгон 200дөн ашуун кишини актаган. Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин “өзбек элинин мыкты атуулдары советтик репрессиянын курмандыгы болгонун” айткан. Анын мындай билдирүүсү орус коомчулугунда жана маалымат каражаттарында талкууга түшкөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG