Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Баткенде 32 мечиттин жана 5 медресенин иши токтотулду


УКМК жарыялаган сүрөт.
УКМК жарыялаган сүрөт.

Баткен облусунун аймагында 32 мечиттин жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулганын бүгүн 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 8 материал облустук милициянын каттоосуна алынды.

УКМКнын, Ички иштер министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, архитектура жана “Кадастр” мекемесинин, муфтияттын жана президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринен турган мекеме аралык иш тобу диний чөйрөдөгү алдын алуу иш-чаралары алкагында облус аймагындагы диний жайларды текшерип чыкты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 55 мечитке жана 6 диний окуу жайга акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилгени кабарланды.

“Баткен облусунун аймагында диний кырдаалга терс таасирин тийгизген, динге ишенгендер арасында радикалдык-экстремисттик идеологиянын жайылышына өбөлгө түзгөн негизги факторлор болуп диний объектилердин белгиленген нормаларды, калктын реалдуу муктаждыктарын эске албай башаламан курулушу, бирдиктүү стандарттардын жоктугу жана диний окуу жайларда билим берүүнү көзөмөлдөөнүн жоктугу эсептелет”, - деп билдирди УКМК.

Мындай текшерүү буга чейин башка облустарда да жүргүзүлүп, айрым мечиттер, медреселер жабылган.

Кыргызстанда өлкө калкынын 80% ашууну мусулманчылыкты карманат. Жалпысынан 3 миңдей диний уюм каттоодон өткөн, алардын арасынан христиан багытындагылардын саны 399, калгандары башка диндердин өкүлдөрү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG