Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

Жол фонду боюнча маселе комитетте каралбай калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду боюнча маселе 10-октябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде каралбай калды. Буга комитеттин жыйынына транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев барбай калганы себеп болду.

Комитет төрагасы Мурадил Сыдыков буга чейинки отурумда депутаттардан Жол фонду иштебей жатканы тууралуу пикирлер айтылганын, аны менен кошо титулдук тизмеге кирген капиталдык салымдар жана оңдоо иштери боюнча министрликтин маалыматын угуу пландалганын айтты:

“Министрликке байланыштуу маселелердин баарын атайын бүгүн бир күнгө топтогонбуз. Титулдук тизме, фонддун иштеши боюнча маалымат угалы дегенбиз. Министр өзү келет деп кечээ кечинде айтылды эле”.

Натыйжада жыйынды министрсиз өткөрбөө сунушу добушка коюлуп, колдоо тапты.

Жол фондун түзүү тууралуу чечим Министрлер кабинетинде былтыр 19-январда кабыл алынган. 2023-жылдын 1-январынан иштеп баштайт деп пландалган фондго чогулган акчанын эсебинен жолдор оңдолуп, тейленери, бул үчүн айдоочулар мамлекетке үч түрдүү төлөм төгүүгө милдеттүү болору айтылган. Баштапкы маалыматка караганда, жыл сайын өлкөдөгү 34 миң чакырым жолду тейлөөгө 10 миллиард сом талап кылынат.

Министрликтин маалыматы боюнча, быйыл Жол фондуна болжол менен 3,1 млрд сом каражат түшөт. Фондго учурдагы бюджеттен 2 млрд сом чегерилери айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG