Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:10

Зеленский ХАМАСтын кол салуусун Орусиянын аракетине теңеди


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Батышты биримдикке чакырып, ХАМАС радикалдык тобунун Израилге кол салуусу менен Орусиянын Украинага басып киргенин салыштырды.

"Бир эле айырма, Израил террордук топтун, ал эми Украина террордук мамлекеттин кол салуусуна дуушар болду", - деди ал 9-октябрда НАТОнун Копенгагенде өтүп жаткан парламенттик ассамблеясынын жыйынына онлайн катышкан учурда.

7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге абадан чабуул коюп, бир нече калктуу конушка кирип барган.

Тель-Авивдин маалыматына караганда, аталган кыймылдын өкүлдөрү ондогон адамды барымтага алган. Кол салуу учурунда Израил тараптан каза болгон кишилер 700дөн ашкан, эки миңден көбү жараат алган.

Израилдин армиясы Газа тилкесине жооп катары абадан сокку ура баштаган. Палестин бийлигинин маалыматына караганда, Газа секторунда каза тапкандар 413кө жетти, жараат алгандар 2300 болду. Израилдин бийлиги 50 жылдан бери биринчи жолу согуштук абал жарыялады.

Орусиянын армиясы 2022-жылдын февраль айында Украинага басып киргенден бери миңдеген жай тургундардын, аскерлердин өмүрү кыйылган. Шаар-кыштактар талкаланып, миңдеген кишилер жараат алды, дагы миңдегени үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Украинадагы согушта Орусия да олуттуу аскердик жоготууларга кабылды.

XS
SM
MD
LG