Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

УКМК: "Салафия" агымынын мүчөлөрүнөн курал-жарак табылды


"Салафия" дин агымынын мүчөсүнөн алынган курал-жарак. Каракол. Октябрь, 2023-жыл.
"Салафия" дин агымынын мүчөсүнөн алынган курал-жарак. Каракол. Октябрь, 2023-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери Караколдо "Салафия" диний агымынын активдүү мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүздү.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, анда ок-дарылары менен ок атуучу куралдар, диний адабияттар, баракчалар, брошюралар, флеш-карталар, дисктер жана уюлдук телефондор алынган.

Диний материалдар боюнча теологиялык экспертиза дайындалды.

Атайын кызмат буга чейин мусулмандарды мечиттерде намаз окууда жана башка диний жөрөлгөлөрдү аткарууда салттуу мазхабдын эрежелерин карманууга чакырган. Билимди ишенимдүү булактардан, белгилүү диний ишмерлерден алып, сабаттуулукту өнүктүрүүгө үндөгөн.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны 399, калгандары башка диндерге тиешелүү.

2003-жылдан бери террорчу жана экстремисттик уюм катары 21 диний бирикмеге сот чечими менен Кыргызстандын аймагында иштөөгө тыюу салынган.

Ушул жылдын май айында АКШнын Мамлекеттик департаменти өлкөдөгү дин эркиндигинин абалы тууралуу жылдык баяндамасын жарыялаган жана Кыргызстанда кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу дин тутуу эркиндиги бар, бирок диний азчылыктардын укугу чектелген жагдайлар кездешкени жазылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG