Быйыл ноябрь айында Кыргызстанда беш күн катары менен дем алыш болот. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 6-ноябрдагы (дүйшөмбү) иш күн 11-ноябрга (ишемби) которулду.
4-5-ноябрь ишемби жана жекшемби болот, ал эми 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп 2017-жылдан бери белгиленип келе жатат.
Ошентип, кыргызстандыктар 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алышат, ал эми 11-ноябрь ишемби күнү иш күнү болот.
«Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө» мыйзамдын максаты – 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана трагедиялуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, Совет доорундагы өнүгүү сабактарына жана мурастарына, XX кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине обьективдүү тарыхый баа берүү экени айтылган.
1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.
Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.
Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.
Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.
2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (RK)