Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Израил ХАМАСка каршы масштабдуу аскердик өнөктүк баштаганын жарыялады


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 8-октябрга караган түнү ХАМАС тобунун аскердик жана өкмөттүк потенциалдын жок кылуу боюнча аскердик өнөктүк баштоого Коопсуздук кабинетинен макулдук алганын жарыялады. Газа секторундагы жети райондо жашаган жай тургундарга коопсуздуктан улам башка жактарга чыгып кетүүнү эскертти.

"Биз узак жана оор согушка киришип жатабыз. Израилдин жарандары, бул операция эмес, бул накта согуш. Согушууга бизди ХАМАСтын өлүм алып келген кол салуусу мажбур кылып жатат, - деди Нетаньяху элине кайрылып.

Анын айтымында, "Темир кылыч" аскердик өнөктүгүнүн биринчи фазасы “Израилдин аймагына кирип келген ХАМАС жоочуларын жок кылууга багытталат жана ал жакынкы арада жыйынтыкталат”. Экинчи фазасында Израил Газа секторун жоочулардан тазалап, алардын командирлерин жок кылып, барымтага алынган израилдиктерди бошотууну көздөөдө.

Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) ишембинин кечинде жана жекшембиге караган түнү Газа секторун артиллериядан тынымсыз аткылоону улантты.

Палестиналык маалымат булактары Ал-Уатан мунаралары талкаланганын жазышты. Айрым кабарларга караганда, ХАМАС менен байланышы бар компаниялардын кеңселери ошол жерде жайгашкан. Андан мурдараак Газада Ал-Галаа мунарасы да талкаланган, ал жакта көптөгөн араб жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде "Ал-Жазира" агенттигинин кабарчылар пункту иштеп жаткан. Бомбалоо алдында израилдик аскерлер имараттын ичиндегилердин баарына сыртка чыгып кетүү тууралуу эскерткен.

Израилдин расмий кызматтарынын 8-октябрдын таңындагы маалыматына караганда, ХАМАСтын өлкө түштүгүнө 7-октябрда жасаган чабуулунан 300дөй адам каза болду, 1,5 миңдей адам жараат алды.

Газанын Саламаттык сактоо мекемеси палестин тараптан 250 адам каза болгонун, 2 миңдей жараат алганын маалымдады.

Jerusalem Post басылмасы 750 израилдик дайынсыз болуп жатканын кабарлады.

Жекшембиге караган түнү да Израилдин аймагы аткылоого кабылды. Ливан тараптан да минометтук аткылоо болгону айтылып жатат.

Беэри кыштагында жоочулардын барымтасында калган бардык израилдиктер, Офаким шаарында барымтага алынгандардын экөө бошотулганы белгилүү болду.

Палестиндердин Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу барымтага алган израилдиктердин так саны азырынча белгисиз.

ХАМАСтын жоочулары бутага алган объектилердин бири Газа сектору менен чектеш тилкеге жакын жердеги Негев чөлүндө өткөн Nova Festival музыкалык фестивалы болду. Ишемби күнү ал жерде израилдик жаштардан 2 миңдей адам чогулган. Чабуул учурунда фестивалдын көптөгөн коноктору өлтүрүлүп, калгандары барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген.

Израилде аскердик мобилизация жарыяланып, жооп катары чабуул баштоо маселеси каралууда.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана бир катар мамлекет ХАМАСтын чабуулун айыптаган билдирүү жасашты.

Израилде соңку окуялардан улам кыргыз жарандары жабыр тартканы тууралуу маалымат түшпөгөнүн Кыргызстандын Израилдеги элчилиги (резиденциясы Анкарада жайгашкан) 7-октябрдын кечинде маалымдады.

Элчилик муну менен катар Израилде жашаган кыргыз жарандарын өлкөнүн чек арага жакын, куралдуу кармаш жүрүп жаткан аймактарына барбай турууга чакырды. (RK)

XS
SM
MD
LG