Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Бишкектеги Ак-Тилек-2 жаңы конушуна газ берилди


Ак-Тилек-2 жаңы конушундагы газ трансформатору.
Ак-Тилек-2 жаңы конушундагы газ трансформатору.

Борбор калаанын түндүк тарабындагы Ак-Тилек-2 жаңы конушуна жаратылыш газы берилди. Мэриянын маалыматында, жаңы конуштагы 216 үй кышында газ менен жылытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

"Тургундар мындай мүмкүнчүлүк жана шарт үчүн "Газпром Кыргызстан" ишканасына ыраазычылык билдирди", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин 45 миң үй газга туташкан, учурда 11 конушту газдаштыруу иштери аяктоо үстүндө, жалпы 10 миң үйгө газ берилет.

Бишкектеги ыш көйгөйүнөн улам шаардын жака белиндеги жаңы конуштарды газдаштыруу маселеси байма-бай көтөрүлүп келет.

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 2024-2025-жылдары шаар толугу менен газга өтөрүн 4-октябрда парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

Шаардын жака белиндеги 50гө жакын конуштун 27си газдаштырылган.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы символикалуу түрдө Оруcиянын “Газпромуна” 1 АКШ долларына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага "Ошгаз" ишканасы да өткөн.

Ортодо түзүлгөн келишим боюнча компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд рубль жумшоону убада кылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG