Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:40

FT: Украина Евробиримдикке кошулса, жети жылда 186 млрд евро алат


Украина Евробиримдикке кирсе, шаркеттин бюджетинен келерки жети жылда 186 миллиард еврого жакын каражат алууга укук берет. Мындай божомол Financial Times таанышкан Евробиримдиктин ички изилдөөсүндө жазылган.

Басылма бул изилдөөнү блоктун кеңейиши менен өзгөртүлүшү мүмкүн болгон учурдагы эрежелердин экстраполяциясы экенин белгиледи.

Киевдин Евробиримдикке кирүү маселеси чечилсе, Украина биримдиктин бюджетинен эң көп каражат алчу өлкө болуп калат. Бул Украина Европа биримдигинин эң жакыр мүчөсү жана анын эң ири айыл чарба өндүрүүчүсү экенин айгенилейт.

Азыркы эрежелерге ылайык, Биримдиктин Фондунан жакыр мүчөлөргө төлөмдөр жана Жалпы айыл чарба саясатынын алкагындагы чегерүүлөр бар. Алардын көбү түздөн-түз фермерлерге берилет. 2021-2027-жылдарга бул бюджеттин 62% түзөт.

Учурда тогуз өлкө Евробиримдикке кирүүнүн түрдүү баскычтарында турат: Украина, Босния жана Герцеговина, Молдова, Албания, Черногория, Сербия, Түндүк Македония, Түркия талапкер макамын алган. Грузияга мындай макам азырынча бериле элек.

Учурдагы эрежелерге ылайык, аларды Евробиримдикке кошуу жети жыл ичинде 256,8 миллиард еврону талап кылат, анын 72% ашыгы Украинага кетет.

Евробиримдиктин кеңейиши бир нече жылга созулушу мүмкүн. 6-октябрда блоктун азыркы мүчөлөрү талкууга чогулушат.

XS
SM
MD
LG