Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

Көлбаевди кармоо операциясы: окуя болгон жерге башкы прокурор Зулушев келди


Камчы Көлбаевди кармоо операция болуп жатат деген жер.
Камчы Көлбаевди кармоо операция болуп жатат деген жер.

Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатат деген жерге, "Блондер паб" кафесине башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев келди. Бул тууралуу ошол жерде жүргөн кабарчыбыз Айбек Бийбосунов кабарлады.

Мунун алдында "Азаттыкка" ишенимдүү бир катар булактар шаарда Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканын билдирген.

Күбөлөрдүн айтымында ок атышуу болду, күч органдарынын бир кызматкери жараат алганы айтылууда. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматынын машиналары келди.


Азырынча Көлбаев тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Август айында Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) "уюшкан кылмыштуу топ түзүү” беренеси менен козголгон кылмыш иши токтотулганы тууралуу маалыматтар чыккан. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) буга байланыштуу комментарий берген эмес.

2020-жылы октябрь айында УКМК “мыйзамдагы ууру” атыккан Көлбаевди кармаган. Ага “кылмыштуу топ түзүү” беренеси менен айып коюлган. Бирок кримтөбөл төрт айдан кийин тилкат менен абактан чыккан.

Ошол учурда атайын кызмат 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгонун билдирген. УКМК калган акчаны өндүрүү улантарын маалымдаган. Андан бери кримчөйрөнүн анабашы Камчы Көлбаевдин кылмыш иши жөнүндө таптакыр маалымат жок.

2021-жылдары айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Көлбаевдин кылмыш иши жөнүндө жазышкан. Андагы материалдарда 2010-жылы Көлбаев жана башка кримтөбөлдөр менен бирге Кыргызстан жана Казакстанда уюшкан кылмыштуу топ түзүп, "каралардын казынасына" дайыма акча жыйнап турганы, уюшкан топ криминалдын идеологиясын жайылтуу үчүн аракет кылганы жөнүндө айтылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторду "баш көтөргүс кыларын" кайталап келет. 20-июлда өкмөттүн жыйынында криминалдын башчыларына кайрылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган.

Көлбаев 2008-жылы Москвада "мыйзамдагы ууру" макамын алганы айтылып жүрөт. Аны АКШ 2012-жылы дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Андан кийин, 2014-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга 1 млн доллар сыйлык жарыялаган. 2017-жылы аны "кара тизмеге" киргизген.

2012-жылы ал мекенинде “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган” деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы чыккан.

Ички иштер министрлигинин буга чейинки маалыматтарында айтылгандай, Кыргызстанда Камчыбек Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн уюшкан кылмыштуу үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG